Кыргызстанда «Өлбөс полктун» маршруту бекитилди — шаарлар боюнча толук маалымат6-май: Кыргызстандын айрым облустарында жаан жаайт, калган аймактарда — жаан-чачын күтүлбөйтКара-Балтада дубал урап калды: ресторандын 19 жаштагы кызматкери каза болдуКР ИИМдин ардагери Бакудагы эл аралык марафондо биринчи орунду ээледиСадыр Жапаров Сейшел аралдарынын ТИМ башчысын кабыл алды — эмнелер тууралуу сөз болдуКыргызстан алгачкы Конституциянын кабыл алынышынын 33 жылдыгын белгилөөдө
Түштүк Корея: Сеулдагы тыгында каза болгондорго аза күтүлүүдө
31.10.2022 | 22:28
Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл жубайы менен Сеулдагы тыгында курман болгондордун мемориалына гүл коюшту.
Ишемби күнү кечинде Хэллоуин майрамы учурунда Итаэвон районундагы тар көчөдө миңдеген адамдар чогулуп, кеминде 154 адам каза болду.
Өлкөдө бир жумалык аза күтүү жарыяланды.
“Биз аларды коргошубуз керек болчу. Мен өзүмдү күнөөлүү сезип жатам, биз бул жаштардын көңүлүн калтырдык“, – дейт мемориалга келген улгайган аял.
“Окуя коопсуздук чаралары көрүлбөгөндүктөн жана полиция элди көзөмөлдөй албагандыктан болду окшойт. Тез арада коопсуздук чараларын күчөтүү керек“, — деди дагы бир кореялык.
- Ишемби күнкү Хэллоуин майрамы коронавирустук чектөөлөр алынгандан кийин уюштурулган биринчи ири иш-чара болду. Итаевонго көп эл чогулганынын себеби ушундан болсо керек. Курман болгондордун арасында кеминде 27 улуттун өкүлдөрү бар. Ошондой эле тепсендиде төрт орус жараны каза болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңызКорея: Көчөдөгү тыгылышта 151 адам каза болду. Элчилик жарандарга кайрылды
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар