«Менин шаарым» тиркемесинде түнкү автобус каттамдары пайда болдуЖаратылыш министрлиги: Арпа өрөөнүндө электр кайырмагы менен чет элдиктер кармалдыКыргыз-Корея өнүктүрүү фондун түзүү сунушталдыКытай Оштогу башкы консулдугунун ишин жандандырууда«Манас» аэропортунда реконструкциядан кийин башкы кире бериш ачылдыКРСУ Ош шаарында филиалын ачып, ӨКМдин окуу бөлүмүн түзөт
Финполиция өлкөгө 9 млрд сом зыян келтирген коррупциялык схеманын бетин ачты
27.10.2020 | 11:42
Финансы полициясы бюджетке 9 млрд сом зыян келтирген коррупциялык схеманын бетин ачты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Социалдык фонддунун бир нече кызматкерлери коорупциялык схема түзүп, мамлекеттик бюджетке 9 миллиард сомдон ашуун зыян келтиргенин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы аныктаган.
Анда аталган адамдар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, айрым алтын казган компанияларга (ЗАО «КГ.К.») мыйзамсыз иштөөгө шарт түзүп, тийиштүү салык төлөмдөрү өлкө казынасын түшпөй калган.
Бул факты боюнча 319-берене менен (коррупция)кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери башталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар