“Fusion Concept Kyrgyzstan” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

“Fusion Concept Kyrgyzstan” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Кечээ, 25-июнда өткөн «Fusion Concept Kyrgyzstan» чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, попинг – номинациясын Жан Воиновдун окуучусу – Бообек Саламатов жеңип алды (Бишкек, Кыргызстан)

— Хип-хоп – номинациясы боюнча Владимир Мещеряков (Ташкент, Өзбекстан)

—  All Styles Kids — Элая Байшакова (Алматы, Казакстан) болду.

Ал эми, Кыргызстандык Ома жана Ема Twins Fusion Concept программасынын жеңүүчүлөрү болду. Эми алар август айында Парижге барат.

Францияда өтө турган чемпионатка дүйнөлүк калыстар тобунун курамына биздин мекендешибиз Жан Воинов катышат.

Эске салсак, 24- июнь күнү «Fusion Concept Kyrgyzstan» чемпионаты Кыргызстанда биринчи жолу өтүп, анда Мадоннанын хореографы – Марвин Гофиндин хип-хоп жанрында мастер-класстарды өткөрдү.

Биринчи күндүн алкагында квалификациялык этаптар өтүп, калыстар тобу All Styles Kids, Popping, Hip-Hop, Freestyle 2×2 өңдүү бардык номинациялардын жарым финалчыларын тандап алышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чемпионат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>