Ошто 6 адамды басып калган унаанын айдоочусу кырсык боюнча айтты

Ошто 6 адамды басып калган унаанын айдоочусу кырсык боюнча айтты

Ошто 6 адамды басып калган жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

“HOWO” үлгүсүндөгү көмүр жүктөгөн унаанын айдоочусунун айтымында, Жаңы-Кыштак айылы менен Оштун ортосундагы Касымбеков көчөсү менен бара жатканда карама-каршы жолдо жүргүнчү ташыган маршруттук унаа чыккан. Ал кагышуудан качууга аракет кылууда башкаруусун жоготуп алган жана 28 тонна көмүрү менен капталына кулап, жол четинде турган адамдарды басып калган.

Кырсыктын кесепетинен каза болгон жарандар:
— 1993-жылы туулган аял А. У. Р.;
— анын балдары 4 жашар М.Т.А. жана 2 жашар М.М.А.;
— 24 жаштагы кош бойлуу аял Н.О.Ж.;
— анын кыздары 10 жаштагы Н. Р. А., 11-жаштагы О. Г. Х.

Наркологияда айдоочуну текшергенде ал спирт ичимдигин ичпегендиги аныкталды. Кырсык боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү 25 жаштагы Т.уулу Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө иштери уланууда.

Буга чейин Кара-Суу районунун Жаңы-Кыштак айыл аймагынын башчысы Умидулло Нурмурзаев күбөлөрдүн айтымына таянып, жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калганын билдирген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош шаары

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>