Бишкекте кичи футбол боюнча «Евразия Кубогунун» экинчи турнири өттүБишкекте ШКУ өлкөлөрү «Жашыл технологиялык коридорду» түзүүнү макулдашышты«Амели» тасмасынын жылдызы Одри Тоту Бишкектеги кинофестивалдын ардактуу коногу болотКыргызстан менен Түштүк Корея экспортту жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү макулдашты23-майга карата аба ырайыСалт эмес, трагедия: ала качууну кайтарууга кимдер аракет кылууда
Футболчу Валерий Кичин Азия кубогуна барбай калышы мүмкүн
16.12.2023 | 11:58
Кыргызстандын футбол курамасынын коргоочусу Валерий Кичин Азия кубогунда ойнобой калышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмесинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Ысык-Көлдө өткөн машыгуу жыйынында Валерий Кичиндин бутунун тарамыштары жарым-жартылай үзүлүп, жаракатынын айыгышына бир айдан ашык убакыт керек болгондуктан, Кичин Азия кубогуна катышары арсар болууда.
Эскерте кетсек, Азия кубогу 2024-жылы 12-январдан 10-февралга чейин Катарда болуп өтөт. Кыргызстан бул мелдеште Таиланд, Сауд Арабия жана Оман курамаралары менен бир тайпада жайгашкан.
Азия кубогунун алкагындагы биринчи беттеш 16-январда Таиланд менен болуп өтөт.