Видео: Токмокто 76 жаштагы карыя батир өрттөөгө аракет кылган деп кармалды. Себеби айтылды

Видео: Токмокто 76 жаштагы карыя батир өрттөөгө аракет кылган деп кармалды. Себеби айтылды

Чүйдүн Токмок шаарында 68 жаштагы жарандын батирин өртөөгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-январда болжол менен саат 22:00до белгисиз жаран Борончиев көчөсүнүндөгү көп кабаттуу үйдөгү батирдин эшигин бузуп, өрттөөгө аракет кылган. Бул окуя боюнча 68 жаштагы үйдүн ээси милицияга кайрылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-216 беренеси (башка бирөөнүн мүлкүн өрттөө жолу менен жок кылуу же бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 76 жаштагы С.Х. аттуу жаран кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилген.

Шектүү өз көрсөтмөсүндө билдиргендей, жабырлануучу турган үйдө ал менен ортодогу пикир келишпестиги бар адам жашаган. 76 жаштагы карыя ошол адамды коркутуп коюу максатында аталган үйгө барган. Батирди өрттөп жиберүүгө ниети болгон эмес. Эшиктин сыртына гана күйүктүн тактарын калтырып, «жактырбаган» адамын коркутууну көздөгөн. Бирок башка кишинин эшигин күйгүзүп алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>