Гвардиячылардан коронавирус табылды. Эми алар Москвадагы парадга барбайт

Гвардиячылардан коронавирус табылды. Эми алар Москвадагы парадга барбайт

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жоокерлеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз катчысы  Гүлзат Жарашова “Репортерго” тастыктады.

“Илдетти жугузуп алган Улуттук гвардиянын жоокерлери карантин учурунда блокпосттордо кызмат өтөшкөн. Парадга даярданып жаткан жоокердлерден вирус табылган жок. Ошентсе дагы биз тобокелдикти азайтуу үчүн  гвардиянын жоокерлерин Москвада өтө турган парадга жибербөө чечимин кабыл алдык. Алардын ордуна Куралдуу күчтөрдүн запаста турган күжүрмөн жана саптык даярдыгы мыкты жоокерлери барат”, – деди Жарашова.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясынан улам Москва шаарында 9-майда өтпөй калган Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад 24-июнда өтөрү белгилүү болгон. Парадга президент  Сооронбай Жээнбеков дагы катышат.

Гвардиянын жоокерлери парадга катышуу үчүн карантин учурунда дагы машыгып жатышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>