Хабиб Нурмагомедов Бишкектеги тарых музейин кыдырды – фоторепортаж

Хабиб Нурмагомедов Бишкектеги тарых музейин кыдырды – фоторепортаж

Кечээ, 11-августта UFC’нин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Бишкектеги улуттук тарых музейине барды. Бул тууралуу Reporter.kg′ге уюштуруучулар билдиришти.

Нурмагомедов менен бирге тарых музейине «Хасбик» каймана аты менен таанымал блогер Хасбулла Магомедов, Eagle FC’нин президенти Шамиль Завуров барган.

Тарых музейинин кызматкерлери конокторго Кыргызстандын тарыхы, үрп-адаты жана маданияты тууралуу айтып беришти.

Эскерте кетсек, Бишкекте 10-августта Eagle FC 49 мелдеши өткөн. Анда башкы беттеште кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу менен россиялык Расул Магомедов мушташкан. Ал беттешти россиялык мушкер жеңип, чемпиондук курду тагынган. Бул мелдешке Хабиб Нурмагомедов менен Хасбулла Магомедов ардактуу конок катары катышкан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>