«Кадамжай» өткөрмө бекетинин мурдагы башчысы кылмышка шектелүүдө

«Кадамжай» өткөрмө бекетинин мурдагы башчысы кылмышка шектелүүдө

Ысык-Көлдө мыйзамсыз баңгизат сактоо жана ташуу боюнча Чек ара кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кызматтын Р.Д. аттуу кызматкери баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектелип кармалган. Ал кызматкерге карата бир канча кылмыш иши тергелип жатат.

«2021-жылдын июль айында Чек ара кызматы тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө, мамлекеттик жана аскердик сырды түзгөн маалыматтардын коопсуздугу бузулгандыгы аныкталган. Анын натыйжасында «Кадамжай-авто жол» көзөмөл өткөрүү пунктунун башчысы Р.Д. иштен бошотулган.

Учурда бул аскер кызматкерине карата бир нече кылмыш иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Сентябр айында шектүү Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган»,- деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>