Ишкерлер министрлер кабинетинде иштей албайт

Ишкерлер министрлер кабинетинде иштей албайт

Министрлер кабинети туурасында мыйзамдар өзгөртүлүп жатат.Бүгүн Жогорку Кеңеште бул мыйзам долбоору талкууланууда. Депутаттар тарабынан киргизилген өзгөчөлүктөр туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев айтып берди:

1. Президент аткаруу бийлигине башчылык жана жетекчилик кылат.
2. Министрлер кабинетинин төрагасы президенттик адмнистрациянын башчысы болот.
3. Министрлер кабинетине мүчөлөр 10 жылдык мамлекеттик жана муниципалдык кызматта тажрыйбасы болушу керек. Анын 5 жылы жетекчилик кызматта болушу шарт.
4. Министрлер кабинетине мүчө болордун астында декларациясын бериши керек.
5. Ишкерлик менен алектенгендер министрлер кабинетине иштей албайт.
6. Министрлер кабинети шайлоодо административдик ресурсту колдоно албайт.
7. Министрлер кабинетине кылмыш иши башпрокурордун гана чечими менен козголот.
8. Мамлекеттик аткаруу бийлигинин ишин президенттик аппарат гана ишке ашыра алат.
9. Министрлер кабинети мамлекеттик бюджетти аткаруу боюнча Жогорку Кеңешке отчет берет. Ал эми Жогороку Кеңеш аны канааттандыраалык эмес деп табууга да укуктуу болот. Эгерде канааттандыраалык эмес деген баага татыса,
Президент анын жоопкерчилигин карай алат.
10. Министрлер кабинети Жогорку Кеңешке 1-майга чейин отчетун бере алат.
11. Улуттук стратегиялык маанидеги маселелерди министрлер кабинети коллегиялык жыйында карап чечиши керек.
12. Тармактык маселелерди ошол маселеге тиийштүү министрликтер менен гана макулдашып иш алып баруу. Маселен, айыл-чарба дагы бир маселени Ички иштер министрлиги менен макулдашуунун кандай кажети?

Мындан башка да бир тор өзгөртүүлөр кирип жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>