«Рухтун жел кайыктары»: Ысык-Көлдө эл аралык регата башталдыПутин, Си Цзиньпин, Эрдоган жана башка лидерлер Бишкектеги ШКУ саммитине катышатДон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келетШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайтНепалдагы суу ташкындарынан 464 адам каза болуп, миңге жакыны дайынсыз болууда
Глазго саммити: Жапаров атайын фонд түзүүнү сунуштады
02.11.2021 | 17:00
Өлкө башчы Садыр Жапаров Шотландияда өтүп жаткан климаттын өзгөрүшүнө арналган саммитинде экологияны сактоо боюнча атайын фонд түзүүнү сунуштады. Ал бүгүн Кыргызстандын атынан сөз сүйлөп чыкты. Анда:
“Мөңгүлөрдү, токойлорду, табигый көп түрдүүлүктү сактоого, тоолуу аймактарда жашаган жамааттардын экономикалык, социалдык абалын жакшыртууга, айрыкча балдар менен аялдарга колдоо көрсөтүүгө басым жасоо менен климаттык өзгөрүшүнө ыңгайлаштуу боюнча максаттуу программаларды ишке ашыруу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун калкасында атайын фонд түзүүнү сунуштайм. Узак жана кооз сүйлөгөндөрдүн доору бүттү. Конкреттүү аракеттерди кылууга убакыт келди. Биргелешүүнүн аркасында көйгөйлөрүбүздү чече алаарыбызды баса белгилегим келет”- деди Жапаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат