Бишкекте 3 миң сомдон добуш сатып алууга шектелгендер кармалышты (ВИДЕО)

Бишкекте 3 миң сомдон добуш сатып алууга шектелгендер кармалышты (ВИДЕО)

Бишкек шаарынын Биринчи май округу боючна ар бир добуш үчүн 3 миң сомдон, дароо 2 миң сом, шайлоодон кийин миң сомдон берем деп жүргөндөр кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка караганда, белгилүү саясий партияга жана анын курамындагы талапкерге добуш берүү үчүн акча сунуштаган. Ыкчам аракеттин натыйжасында 25 жаштагы Ч.А. кармалып, өз ыктыяры менен 48 миң сомду берген. Тинтүү маалында, 6 банк карталары, айдоочулук күбөлүгү, 4 унаанын техникалык сертификаты, 33 бланк формасы, 10 башка бланк, 30 бош бланк, саясий партиянын  2 миң  үгүт брошюра жана 300 гезит, бир атайын желим таяк жана 3 мобилдик телефондорун алышкан.

Мындан тышкары, Н.Б. аттуу жаранды да тинтүү маалында, банк карталары, чөнтөк телефон жана акча каражаты алынган. Жалпы акча каражатынын суммасы 76700 сом болгон.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>