Талапкер Дайырбековдун өкүлү добуш сатып алууга шектелип колго түштү (ВИДЕО)

Талапкер Дайырбековдун өкүлү добуш сатып алууга шектелип колго түштү (ВИДЕО)

№29 Свердлов шайлоо округунан талапкер Таалай Дайырбековдун ишенимдүү өкүлү  добуш сатып алууга шектелип кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чараларынын жүрүшүндө, аталган “П.А.Д.” тарабынан добуштарды сатып алуу фактылары боюнча фактылар такталып, 26-ноябрда акча каражаттарын бөлүштүрүп жаткан жеринен кармалды. Ошол эле учурда, алар тарабынан штаб катары пайдаланылган жайларды жеке тинтүү учурунда, шайлоочулардын даректерин көрсөткөн тизмелери менен ири суммадагы акча каражаттар табылган.

Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды аныктоо жана документтештирүү, ошондой эле шайлоочуларды сатып алуу процессине катышкан башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>