Министр: Шайлоодо милиция өз ишин аткара албаса кызматтан кетет

Министр:  Шайлоодо милиция өз ишин аткара албаса кызматтан кетет

Шайлоо күнү келип түшкөн ар бир арыз-билдирүүлөр жеринде ыкчам текшерилип, токтоосуз чаралар көрүлүүгө тийиш. Мындай пикирин Ички иштер министр Улан Ниязбеков билдиргенин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 26-ноябрь күнү  Ички иштер министри Улан Ниязбеков шайлоо күнү коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту сактоо, шайлоочулардын эркин жана өз ыктыяры менен шайлоосун камсыздоо милициянын жетекчилерине онлайн кеңешме өткөрдү.

Ыкчам жыйында Улан Ниязбеков тарабынан милиция шайлоого байланыштуу ар бир тапшырманын аткарылышы эскертилди:

“Өткөн аппараттык кеңешмелерде белгилеп өткөм, дагы бир жолу эскертем – бул шайлоо буга чейинки шайлоолорго караганда өзүнүн тазалыгы, калыстыгы менен айырмаланып, эч кандай бурмалоосуз жагдайда өтүшү керек. Ал үчүн менин орун басарларымдан баштап, бардык деңгээлдеги жетекчилер “шайлоону тынч өткөрүү боюнча” коюлган тапшырмалардын так жана кынтыксыз аткарылышын катуу көзөмөлгө алууга милдеттүү” -деди министр.

Тапшырмаларды берди: 

1) Элдин коопсуздугу, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугу жогорку деңгээлде камсыздалып, Президентибиз тарабынан коюлган тапшырмалар токтоосуз түрдө аткарууга алынсын;

2) Ички иштер министрлигинин кызматтарынын региондорго бөлүнгөн жооптуу жетекчилери координациялоо иштерин жүргүзүп, кызматтык көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүп, тажрыйбалык жардам көрсөтүп, аткарылган иштер тууралуу министрликтин “Маалымат-талдоо тобуна” күнүгө маалымдап турушсун. Андан тышкары, коомдук коопсуздукка тартылган бардык кызматкерлер медициналык коргонуучу каражаттар менен камсыздалып, илдетти жугузуп алуудан сак болушсун;

3) Шайлоого чейин жана үгүт иштери учурунда катталган кылмыштар менен жоруктарга мыйзам чегинде кыска мөөнөттүн ичинде тиешелүү чечимдер кабыл алынсын;

4) Шайлоо күнү катталган фактыларга жеринде сапаттуу, ыкчам жана өз убагында териштирүүлөр жүргүзүлүп, ошол күнү мыйзамдуу чечимдер кабыл алынсын;

5) Шайлоодо өз максаттарына жетүү үчүн добуш сатып алуу, адамдарды унаалар менен ташуу, административдик ресурс колдонуу же бирөөгө добуш берүүгө таасир этүү жана башка ушул сыяктуу мыйзам бузууларды аныктап, бөгөт коюу үчүн бардык ыкчам кызматтар күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иш алып барышсын;

6) Шайлоо тилкелеринин айланасында адамдардын жана автоунаалардын тыгындарын болтурбоо, эпидемиялык коркунучтарды алдын алуу, коомдук транспорттун тоскоолдуксуз жүрүүсүнө шарт түзүү менен элдин турмуш-тиричилигине ыңгайсыз учурларды болтурбоо боюнча жергиликтүү бийлик органдары, шайлоо комиссиялары жана жооптуу мамлекеттик органдар менен биргеликте жер-жердеги биринчи жетекчилер жеке иш алып барсын.

7) Эл арасында бөлүп жарууларды, ар түрдүү чындыкка дал келбеген маалыматтарды, коомчулукту козутуу үчүн мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо үчүн ыкчам иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлсүн.

8) Аба ырайынын сууктугуна карабастан, шайлоо тилкелеринде өз милдеттерин аткарып, коопсуздукту сактап жаткан катардагы кызматкерлерге тиешелүү шарттарды түзүү облустук жана шаар-райондук деңгээлдеги ички иштер органдарынын биринчи жетекчилерине жүктөлөт. Эгерде шарт түзүлбөй, маселелер жеринде чечилбей калгандыгы аныктала турган болсо, анда ошол жердин жетекчиси жана жооптуу орун басарлары менен бирге өз каалоолору менен иштен кете берсе болот. Бул талаптар жалпы жетекчилерге жеткирилсин;

9) Бир дагы милиция кызматкери шайлоого жана саясатка аралашпасын; Элге орой мамиле жасап, шайлоо тилкелерине келген жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн ордуна текеберленип, жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган кызматкерлер, ошол жерге жооптуу жетекчиси менен кошо катуу тартиптик жазага кириптер болот. Бул талапты шайлоо күнү болуп өтүүчү эртең мененки “Нускамада” бардык кызматкерлерге жеткирилсин;

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>