Ивановкада саркынды суу өтчү арыкты балык чарба кылып алды

Ивановкада саркынды суу өтчү арыкты балык чарба кылып алды

Чүй районунун Ивановка айылынын тургундары саркынды суу өтчү арыкты мыйзамсыз  балык чарба кылып алганынан улам үйлөрү нымдашат деп кооптонушууда. Бул тууралуу Reporter.kg′ге жергиликтүү тургун билдирди.

Анын айтымында, балык чарбанын кожоюндары алгач дренаждык арыктар тазаланып жатканын айтышса, бир нече күндөн бери балык багууга шарттарды түзүп жатат.

 “Бул балык чарбаны  өзүнө ишенимдүүлөр куруп жатканы белгилүү. Анткени, мындан эч кандай жаза албасына жакшы ишенет. Болбосо бул жакка өзүм билемдик менен ушундай иштерди кылмак беле?! Эгерде бул балык чарба кетпесе жалпы Ивановка айылыныны тургундары куурашат.  Анткени, саздак жер болгондуктан дренажы жок, бүт саз болуп, үйлөр нымдалышат. Андан эл ооруйт, ден-соолук эмне болот?”, — деп суроо салды тургун.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул маалыматты тактап берүүнү убадалады.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>