Бишкекте жолдорду кеңейтүү: 13 тилкенин ээсине 40,7 млн сом бөлүндүБишкекте жасалма интеллект, финансы жана блокчейн боюнча эл аралык форум өтөтМанас шаарында курулуп жаткан жаңы муниципалдык базар декабрда ишке берилетКыргызстан менен Вьетнамдын курамалары бүгүн жолдоштук беттеш өткөрөтКыргызстандын эл артисти Роза Аманова Түркияда эл аралык сыйлыкка татыдыМинистрлер Кабинети парламентке 2027-жылдын бюджетинин долбоорун тааныштырды
Токмок: Эки адам 9-кабаттан секирүүгө аракет кылышты
15.12.2021 | 12:03
Токмокто эки адам 9 кабаттуу курулушу бүтө элек үйдөн секирүүгө аракет кылышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-декабрь күнү саат 15:00дөр чамасында Жантаев көчөсүндө жайгашкан курулушу бүтпөгөн көп кабаттуу үйдүн үстүнө эки адам чыгып, секирүүгө аракет кылышкан.
Келген куткаруучуларды көргөн кишилер өздөрү ылдыйга түшүп кетишкен.
Буга чейин да аталган үйдүн үстүнө чыгып өз өмүрүнө кол салууга аракет кылгандар көп катталган. Бул курулушу бүтпөгөн имаратты эч ким кайтарбайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом