Жанар Акаев боюнча сот чечим чыгара элек

Жанар Акаев боюнча сот чечим чыгара элек

Бишкек шаардык административдик сотто «Альянс» партиясынын БШКга каршы арызы каралып жатат. Бул туурасында Жогорку Соттун басма сөз өкүлү Изати Шүгүралиева Reporter.kg′ге билдирди.

Анын айтымында, сот бешке жылды. Соттук отурум бүгүн, 20-декабрь күнү саат 11:00 башталган.

“Альянс” саясий партиясы Бишкек шаардык административдик Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы даттанган. Анда 15-декабрь күнү 2020-жылдын 26-июнундагы №121 «Президенттик жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө Жобого» өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, аялдар квотасына аталган партияга 3 аял депутат болот деген негиз менен Токтобүбү Оргалча Жанар Акаевдин ордуна келээри айтылган. Бул жобонун өзгөрүшү коомчулукта талашка жем таштаган.

БШКнын чырлуу жобосу эмнеге 3 жолу каралган?

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>