Нурлан Шакиев: Эдил Байсалов капталдан чыккан «балакай баатыр» боло бербесин

Нурлан Шакиев: Эдил Байсалов капталдан чыккан «балакай баатыр» боло бербесин

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бизге, парламентке акыл үйрөтүп, парламент кандай иштеш керек, эмне кылыш керектигин үйрөтө турчу ал жигит эмес. Ал капталдан чыккан бир балакай баатыр боло бербесин. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев парламенттик жыйында билдирди.

“Мына кечээ Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов парламенттин дарегине сындарды катуу шакаба кылып айтыптыр. Ушундай учурда парламент сөзсүз реакция кылыш керекпиз. Ал андай сындарды, ыксыз, обу жок, шакаба айтууга, шылдың создөрдү айтууга укугу жок. Бизге, парламентке акыл үйрөтүп, парламент кандай иштеш керек, эмне кылыш керектигин үйрөтө турчу ал жигит эмес. Ал капталдан чыккан бир балакай баатыр боло бербесин. Биздин ички иши, регламенти бар, эл шайлаган депутаттар отурат бул жерде. Анан биздин үстүбүздөн шылдыңдап күлгөнгө этика да жол бербейт. Эдил Байсаловду Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго да, кичине тартипке чакырып койсо… Президенттин өкүлү сизге да айтат элем, ушуга көңүл бөлүп койсоңуздар. Бул сабак болушу керек. Эгерде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары ушинтип отурса, башка жагы кандай болот. Ушул жерде катуу эскертүү берип коюшубуз керек»— деди Шакиев.

Депутат Исхак Масалиев болсо кызмат адамдарына парламентти сындоого мыйзам тыюу саларын белгилеп, Эдил Байсаловго чара колдонулушу керектигин билдирди.

«Мыйзам түздөн-түз тыюу салат. Бул жерде ага эскертүү эмес, чара колдонулушу керек. Мыйзамда так жазылган. Кызматын тапшырып каалагандай сүйлөсө болот. Аткаруу бийликтин өкүлү деген бул бир киши дайындаган адам. Эл шайлаган депутаттарга, жалпы Жогорку Кеңешке сын пикир айтканга укугу жок. Бул Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө кийлигишүү деп эсептелет, бул мамлекеттик кылмыш деп эсептелет. Чара колдонгондо керек болсо прокуратурага тапшыргыла»- деди Масалиев. 

Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов президенттин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмаз Абытовго кайрылып, “ушул боюнча карап, бизге расмий түрдө малымат берип коюңуз. Ал эми аппарат протоколдук тапшырма берип коюңуз”- деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>