Минкаб күтүүсүздөн «Айчүрөк» соода борборундагы ишкерлерди текшерди

Минкаб күтүүсүздөн «Айчүрөк» соода борборундагы ишкерлерди текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Бишкектеги «Айчүрөк» соода жана оюн-зоок комплексине пландан тышкаркы текшерүү менен барды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым сатуучулардын контролдук-кассалык машиналар (ККМ) тууралуу түшүнүгү жок экендиги, айрымдары орнотууга ниеттенбей жаткандыгы белгилүү болду.

Кожошев белгилегендей, пенсия, дарыгерлер менен мугалимдердин маянасы, ар кандай социалдык төлөмдөр өңдүү мамлекеттин социалдык милдеттенмелеринин өз убагында төлөнүшү да контролдук-кассалык машиналардын ишке киришинен көз каранды.

«Бул жерде соода түйүнүн ижарага алуу 30 миң сомдон башталат. Бул каражаттын баары соода борборлорунун ээлерине кетет, бирок биздин максат үй-бүлөсүн өз эмгеги менен баккан сатуучулар эмес. Биз ири соода түйүндөрүнүн салык төлөшүн каалайбыз. ККМ болбосо бул жерде, же башка соода борборлорунда канча соода түйүндөрү иш жүргүзүп жаткандыгын биле албайбыз. Бул өтө маанилүү»,- деп белгиледи Кожошев.

Ал Мамлекеттик салык кызматынын жеке ишкерлер арасында контролдук-кассалык машиналарга өтүү зарылчылыгы тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча ишин катуу сынга алып, бул багыттагы иштерди күчөтүүнү тапшырды жана салык кызматы тарабынан мындай шалаакылыкка жол берилбеши тийиштигин билдирди.

Ал ошондой эле өлкөнүн бардык жарандарына кайрылды.

«Кассалык чектерди талап кылгыла, бул сиздердин укугуңуздар. Бизге сиздердин колдооңуздар керек. Эгерде чек бербеген жерден соода-сатык кылуудан баш тартсак, биз жалпы товар жүгүртүүнү эсепке алууга жетише алабыз. Мунун бардыгы сиздердин бакубаттыгыңыздар үчүн, өлкө келечеги үчүн жасалууда. Борбордун так ортосунда мындай нерсе орун алып жатса, чет-жакалар жөнүндө эмнени айтууга болот», — деп жыйынтыктады Кожошев жана салык кызматына борбордогу бардык ири соода борборлорун текшерүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, текшерүү максаты — «Айчүрөк» соода жана оюн-зоок комплексинде иштеген соода түйүндөрүндөгү ККМдин пайдаланылышы боюнча абалды изилдөө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>