Кымбат фотоаппаратын алдап алып, качып кеткен киши кармалды

Кымбат фотоаппаратын алдап алып, качып кеткен киши кармалды

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмү алдамчылык фактысына шектелген жаранды кармады. Бул туурасында жергиликтүү милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ленин райондук милицияга 14-апрелде К.А. аттуу кайрылып, анын ишенимине кирип, алдамчылык жол менен Бишкек шаарынын «В.» аттуу чала тааныш адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Убактылуу колдонуу шылтоосу менен арыз ээсинен 3996 АКШ доллары турган «Сони А7-3» фотоаппаратын тартып алып, ал камераны 77 000 сомго күрөөканага алып барып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Ошентип жалпысынан 680 миң сомдук олуттуу материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты Ленин райондук милицияга катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 1991-жылы туулган У.В. кармалган.   Ал тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Көңүл бургула! Кол салуучунун кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефондор аркылуу байланышса болот: 0 (312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0 (501) 103-130, 0 ( 701) 199 -419, 0 (708) 393-612 жана 102.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>