Дүйнөдө 2 миллиарддан ашык адамдын көрүүсү начарлаган — ДСУнун маалыматы жана сунуштарыКыргызстанда газ үчүн төлөмдү кайсы күнгө чейин төлөө керектиги эскертилдиКыргызстанда мунай продуктуларын экспорттоого тыюу салуу шарттары өзгөртүлдү«Тоолор өз убагында артка чегинүүнү үйрөтөт»: альпинист Дмитрий Греков чокуларды багынтуу тууралууБорбор Азия өлкөлөрү жарандардын дарыланууга кеткен чыгымдарын кантип азайтууну талкуулашуудаБишкекте №40, №44 жана №227 автобустардын каттамдары өзгөрдү
Кыргызстандын үч спортчусу карьерасында биринчи жолу Азия чемпиону болушту
27.04.2022 | 15:03
Кыргызстандын үч спортчусу карьерасында биринчи жолу күрөш боюнча чоңдор арасында Азия чемпиону болушту. Бул тууралуу “Акипресс спорт” жазды.
Алар Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү, 60 килограммга чейин), Тынар Шаршенбеков (грек-рим күрөшү, 63 килограммга чейин) жана Айпери Медет кызы (эркин күрөш, 76 килограммга чейин) алтын медалга ээ болушту.
2022-жылкы Азия чемпионаты 19-24-апрель күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында өттү.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт