Айыл чарба министрлигинин 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 17 млн 553,2 миң сомго каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди.
Төмөнкү мыйзам бузуулар аныкталды:
- эмгек акынын негизсиз төлөмдөрү – 11 млн 929,6 миң сом;
- каражаттарды максатсыз пайдалануу — 965,4 миң сом;
- Жашыруун дебитордук жана ашыкча кредитордук карыз – 50,7 миң сом.
«Мындан тышкары, 693,3 миң сомго күйүүчү-майлоочу майларды негизсиз ашыкча пайдалануу фактылары аныкталган. Күйүүчү-майлоочу майлардын басымдуу бөлүгүн министрликтин жетекчилиги пайдаланган. Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорундагы мыйзам бузуулар катталды. Тендерсиз 928,2 миң сомдук товардык-материалдык баалуулуктар сатылган», — деп айтылат Эсеп палатасынын билдирүүсүндө.
Министрликтин башкы аппараты жана ага караштуу мекемелер тарабынан химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментине тиешелүү жалпы суммасы 2 миллион 983,8 миң сомдук беш даана ар кандай атайын техникалар максатсыз пайдаланылган.
Финансылык мыйзам бузуулардын аныкталган жалпы суммасынан текшерүүнүн жүрүшүндө 246,3 миң сом өндүрүлгөн.