Бишкек: «Тазалык» ишканасынын директору иштен айдалды

Бишкек: «Тазалык» ишканасынын директору  иштен айдалды

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнө карата арыздардын жана сын-пикирлердин  көптүгүнө  байланыштуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров ишкананын директору Султан Алыбаевди кызматтан алуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ошондой эле, катуу таштандыларды өз убагында чыгаруу маселеси боюнча шаардыктар тарабынан канааттандырарлык эмес баа үчүн «Тазалык» ишканасынын директорунун орун басары  дагы кызматтан алынат.

Ишкананын жаңы директору болуп Алдашкуров Марат Анарбекович, орун басары болуп Касымов Нурлан Куйбулбекович дайындалды.

Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Шаардагы чогулган таштандыларды чыгаруу  үчүн муниципалитет тарабынан жеке компанияга тиешелүү 16 атайын унаа тартылды.

Ошондой эле таштандыларды  чыгаруу системасын эффективдүү башкаруу үчүн бул кызматтарды эки райондо– Биринчи май жана Свердлов райондорунда аутсорсингге өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын белгилейбиз.

Урматтуу шаардыктар! Кечке чейин бардык таштандылар чыгарылып, санитардык полигонго ташылат.

Тэги: Тазалык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>