Жоокердин жакындары: Инибиз кокустан өзүн атып өлдү дегенге ишенбейбиз

Жоокердин жакындары: Инибиз кокустан өзүн атып өлдү дегенге ишенбейбиз

Бүгүн, 29-июлда эртең менен Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №27 абакта өзүн-өзү атып алды делген 18 жаштагы жоокердин жакындары окуянын кокустук болгонуна ишенбейт. Бул тууралуу маркум жоокердин агасы Таалай Турдубеков Reporter.kg’ге билдирди.

Анын айтымында, иниси Калыс кызмат өтөөгө быйыл мартта кеткен.

“Жазаларды аткаруу кызматында иштегендер окуянын кокустук болгонун айтып жатышат. Бирок, биз анын өзү-өзү атып алганына ишенбейбиз. Жазаларды аткаруу кызматында кимдир бирөө аны өлүмгө жеткирип койду деп ойлойбуз. Анын достору дагы “ал кыйналып жаткандай сезилген, ага кысым болгондой, ачык айта албай жүргөн” деп жатышат. Азыр окуянын чоо-жайын өзүбүз да толук билбей жатабыз. Өзү менен сүйлөшкөндө эч нерсе деп айткан эмес”, — деди Турдубеков.

Жазаларды аткаруу кызматы жоокер бүгүн, 29-июль күнү эртең менен кароол бөлүгүндө өзүн-өзү атып алганын билдирген. Учурда окуянын чоо-жайын Аскер прокуратурасы териштирүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: жоокер

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>