Кемпир-Абад маселеси боюнча активисттер суралды (видео)

Кемпир-Абад маселеси боюнча активисттер суралды (видео)

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берилбесин деген талап менен чыккан эки активист милицияга суралып чыкты. Бул туурасында жарандык активист Атай Бейшенбек уулу Фейсбуктагы баракчасына жазып, видеосун кошо жүктөдү.

Жарандык активист Кемпир-Абад суу сактагычынын берилүүсүнө каршы чыккан Элдик курултайга катышкан эки аксакалды Өзгөн райондук милиция кармап кеткенин, эл чогулуп барып кайра чыгарып келгенин жазды.

Ал эми видеодо топтолгон элдин арасында бир киши сурак берип чыкканын, анда Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча сураганын айтып, өз оюн айтууга укугу бар экенин кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычы маселеси боюнча Элдик курултай өткөн. Анда суу сактагычтын суусун Өзбекстандын колдонушуна каршы эместигин айтып, бирок анын алдындагы жер Өзбекстанга берилбеши керектигин белгилешкен.

Курултайга катышууга өлкөнүн аймактарынан жарандар, активисттер, саясатчылар жана Жогорку Кеңештин депутаттары келген.

Эскерте кетсек, 10-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу маалымат берген. Анда ал документке ылайык, чек арадагы талаштуу делген жерлердин көбү (жалпы 19 миң 699 гектар) Кыргызстанга өтүп, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери берилерин билдирген.

Парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети аталган келишимдин долбоорун жактырып берген.

Өзгөндө Кемпир-Абад маселеси боюнча Элдик курултай өтүүдө

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>