Базар-Коргон — Кызыл-Үңкүр жолу үч жылдан ашык убакыттан бери бүтпөй келетКыргызстанда күздүк дан өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөндөрү сатыкка чыктыБишкектеги орус театрында Вячеслав Виттихтин «Өлүк жандар» спектакли көрсөтүлөтОшто жергиликтүү дыйкандар менен өндүрүшчүлөрдүн «Түштүк Экспо-2026» жарманкеси өтүүдө«Батыш ишеним кризисине кабылды» — ЕАЭБдин товардык-чийки зат биржасынын башчысы«Тазалык» ишканасына 22 даана атайын техника тапшырылды
Жапаров: Кыргыз эли Баткенге барып иштегиси келип калат
19.10.2022 | 19:25
Буга чейин биздин кыздар мугалимдерге турмушка чыгабыз деп калышат дедиңиз эле азыр жоопкерчилик алып биздин эл Баткенге барып жашагысы келип калат деп айта аласызбы? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго парламенттеги жыйын учурунда берди.
Ал эми Акылбек Жапаров эл Баткенге жашагысы келип калат деп жооп кайтарды.
“Буюрса 10 жылдын ичинде Баткенге барып иштейбиз деп калат. Азыр чек арачылардын дээрлик көбү барабыз деп башташат. Анткени, коэфицент 2 дегенди коюп жатабыз. Инвестициянын көбүн Баткен облусуна жумшайбыз. Эл болбоюнча чек араны коргой албайбыз”- деп жооп берди.
Баткен облусу тажик чек арасы менен чектешкендиктен байма-бай жаңжал чыгып келүүдө.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат