Аз камсыз үй-бүлөлөр мамлекеттен бизнеске акча алууда

Аз камсыз үй-бүлөлөр мамлекеттен бизнеске акча алууда

Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков “Социалдык келишим” долбооруна катышкан үй-бүлөлөргө барды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, берилген каражаттар жеке ишкердүүлүктү уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдууларды, товарларды жана кызматтарды сатып алууга жумшалган.

Бүгүнкү күндө Свердлов районунда аталган долбоор боюнча 76 адамдын ар бири 100 000 сомдон алышты. Ага ылайык, акчанын басымдуу бөлүгү кийим өндүрүшүнө жумшалары (50 адам), каражаттар төмөнкү багыттар боюнча бизнес ачууга сарпталары айтылат;

  • чакан дүң соода – 13;

  • коомдук тамактануу жана ашпозчулук — 2;

  • тиричилик кызматтары (тазалоо) — 1;

  • жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын көрсөтүү үчүн автоунаа сатып алуу – 6;

  • башка өндүрүш (биожер семирткичтерди өндүрүү — биогумус — 1;

  • маникюр кызматы — 1;

  • тоок чарбасы — 1;

  • кой чарбасы — 1.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаардык мэриясынын убактылуу комиссиясы дагы 19 катышуучунун документтерин жактырды.

Эске салсак, жардам аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо, аларга жагымдуу шарттарды түзүү, оор турмуштук абалдан чыгаруу үчүн көрсөтүлүүдө. Ошондой эле, алардын эмгек дареметин ишке ашырууга көмөк көрсөтүүлүүдө. Мындан тышкары, кошумча жумуш орундарын түзүү процессине ишкерлерди тартуу максатталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>