Баткендеги курулуштардын чыгымы 123 млн сомго кымбат бааланган

Баткендеги курулуштардын чыгымы 123 млн сомго кымбат бааланган

Баткендеги социалдык обьектилерди куруу чыгымын АРИС агенттиги 123 млн. сомго кымбат баалаган. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Баткендеги куралдуу кагылыштын кесепетинен турак жайлар, социалдык обьектилер талкаланып, керектен чыккан. Жабыркаган үйлөр мамлекет тарабынан курулуп, алды колдонууга берилүүдө.

Мектеп, ооруканалар, балдар бакчалары, мамлекеттик мекеме имараттарын кайра куруу боюнча иш жүрүүдө. Калыбына келтирүү иштери АРИС агенттигине берилип, ал эл аралык каржы инситуттарынан насыя алып, курулуш иштерин баштаган. Бул максатта тендер сунушталып, кетчү каражаттардын суммасын 452 млн сомдон жогору деп эсептешкен.

Мамлекет АРИСтин баалоосуна альтернативдүү рыноктогу баа менен салыштырып эсептеп чыкты. Жыйынтыгында 123 млн сомго көп бааланганы аныкталды. Буга чейин мамлекет сырттан алган насыяларга жол, стратегиялык обьектилерди курганда ушундай эле тендерлер жарыяланып, ортодон ар кимиси “доляга” отуруп, кымбат баалап, уурдап, талап-тоноп келишкен. Анын кесепетинен мамлекеттин тышкы карызы өсүп, элдин мойнуна илинген.

Мисалы, АРИС 225 орунга эсептелген окуу жайды курууга 115 млн сомдон жогору каражат сарпталарын көрсөткөн. Ушундай эле кубаттуулуктагы мектепти мамлекет башка аймакта куруп, ага 85 млн сом сарпталган. АРИС 75 орундуу бала бакчаны 91 млн сомго курабыз деп белсенсе, өлкө боюнча ушунча орундуу бала бакчалар 59-60 млн сомго бүткөрүлгөн.

Акысыз, белекке салып берип атса да “мейли” дейт элек. Жогоруда белгиленген 452 млн сом бул АРИС биздин мамлекетти кепилдик кылып эл аралык каржы институтунан кредит катары алган каражат.

Тагыраагы эртең балдарыбызга чейин жүк боло турган тышкы карызга кошула турган сумманын бир бөлүгү болот.

Баткендеги социалдык обьектилерди курууга сунушталган 452 млн сомдон эле 123 млн. сом айырма чыгып жатат.

Президентибиз Садыр Жапаров — мамлекеттин тагдырын таразага коюп, элдин ырыскысынан пайда көрөм дегендерге жол бербөө тапшырмасын койду. Сырттан карыз алып, Баткендеги обьектилерди 123 млн сомго кымбат курууну максат кылып жаткан АРИСтин долбоорунан мамлекет баш тартат. Курулуш кеч бүтсө дагы, мамлекет өзүнүн каражатына салуу чечимин кабыл алды.

Сырттан карыз алып, жарымын мамлекетке жумшап, калганын өзүнө алган уюмдарга дагы эскертебиз, мындан ары эски түшүнүктөрдү унуткула. Президентибиз Садыр Жапаров тендерден уурдап жана насыя алып пайда көрүүнү максат кылгандарга жол бербейт. Мамлекеттин бир тыйынын, керек болсо күкүм нанын дагы жедирбейт”-деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 14-17-сентябрда Тажикстандын куралдуу агрессиясынан улам Кыргызстандын 63 жараны курман болду. Алардын ичинен 48и аскер кызматкери, 15и жай тургун. Ошондой эле, 206 киши ар кандай жараат алды, 140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды. 700гө жакын үй-жай талкаланып, анын жарымынан көбү жараксыз абалга кептелди. Бастырып кирүүдөн кыргыз тарап жалпы суммасы 6-8 млрд. сомдук зыян тартканын өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдирген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 27-декабрындагы жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Джетыбаев Баткенде курулуш иштери 22-октябрда башталып, бүгүнкү күндө 2 объект бүткөрүлүп, 121 үйдүн дубалы тургузулганын, 74 үйдүн чатыры жабылып, 9 үйдүн чатыры толугу менен бүткөрүлгөнүн маалымдаган.

Жыйында каржы министрлиги 3 транш менен 1 млрд 400 млн сом бөлгөнү маалымдалды. Буга чейин өкмөт Баткенде жыл аягына чейин 150 үй курулуп, пайдаланууга берилерин, акча жетиштүү бөлүнүп жатканын айтып ишендирген. Бүгүнкү күндө депутаттар курулуш жай жүрүп жатканына нааразы болуп, жетекчилердин жоопкерчилигин кароону талап кылынууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>