Майлуу-Суудагы абал боюнча чукул чечимдер кабыл алынды

Майлуу-Суудагы абал боюнча чукул чечимдер кабыл алынды

Майлуу-Суу шаарында катуу сууктан тоңгон суу түтүктөрүн (дөңгөлөктөрдү күйгүзүү) мүмкүн болбогон 2 чакырым 2 ветка аралыгы техника жана кол каражаттарынын жардамында казылып, шаар аймагына келүүчү белгиленген аймакка суу түтүктөрү жаңыдан орнотулат. Мындай чечим бүгүнкү жергиликтүү бийликтин жыйында кабыл алынганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 19-январь саат 22:00дөн тартып шаардык жана райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан техника тартылып, калкты жылуулук, таза суу жана суу түтүкчөлөрүн тез убакыт аралыгында ишке киргизүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Майлуу-Сууда 12-январда катуу сууктун айынан суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Шаардын бийлиги 14-январдан тарта отказандардын бири ишке киргизилип, жылуулук маал-маалы менен бериле баштаганын кабарлады. Таза суу азырынча автоунаалар менен ташылып, таратылып жатат. Майлуу-Суу шаарында жети мектеп бар, анда 4 миң 512 окуучу билим алат. Ал эми жети бала бакчада 878 бала тарбияланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Майлуу-Сууда жылуулук берүү токтоп, өзгөчө кырдаал жарыяланды

 

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>