Ички аудит кызматынын төрагасы пара менен кармалды

Ички аудит кызматынын төрагасы пара менен кармалды

Каржы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы 150.000 сом пара менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Р.С. кызмат абалынан пайдалануу менен жеке кызыкчылыктарын жогору коюп, кол алдында иштеп жаткан бөлүм башчы аркылуу аудитор кызматына жумушка алуу үчүн 150.000 сом талап кылып алып, ал акча каражатын жеке максаттарына жумшаган.

Аталган факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин “Опузалап пара алуу” фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, атайын иш-чара өткөрүлгөн.

Анын жыйынтыгында 24-сентябрда Каржы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы 1966-жылы туулган Р.С. кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

26-сентябрда ага айыбы угузулуп, Р.С. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Каржы министрлигинин ички аудит кызматынан ар кандай кызмат орундарына жумушка алуу үчүн акча алып жүргөндүгү аныкталган.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-сентябрында Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына камакка алынды.

Ири өлчөмдөгү пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: пара алуу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>