Памирбек Асанов Ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгондугун Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Буга чейин аталган кызматты Курсан Асанов аркалап клеген. Ал бүгүн «милициянын кызыкчылыгын саткан» деп кызматтан алынды.