Чүйдүн Москва районундагы абакка баңгизат ыргыткан эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, белгисиз жарандар абактын аймагына скотч менен оролгон эки брикетти ыргытып кеткен. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, аталган зат каннабис чайыры (нашаа) болуп чыккан. Анын салмагы 454 граммды түзгөн.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Алексеевка айылынын 24 жаштагы А.Д. жана Кара-Балта шаарынын 28 жаштагы М.Б. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Соттун чечими менен 24 жаштагы А.Д.га карата камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.
Учурда ыкчам-тергөө иштери уланып, соттолгондордун арасында шектүүлөрдү аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз