Милиция эки аялы бар жарандын жубайларынын бири арыз жазмайын чара көрбөйт. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Алардын айтымында, Кылмыш-жаза кодексиндеги жоопкерчилик эки аял менен нике расмий катталган учурда гана каралат.
Эскерте кетсек, 31-октябрда соцтармактарга Бишкекте 60 жылдык мааракесин берген жарандын эки аялы бар экени коомчулукка билинип, эл арасында кызуу талкууга алынган.
Белгилей кетсек, Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесине (Эки жана андан көп аял алуу) ылайык Кыргызстанда эркектин эки жана андан көп аял менен чогуу жашоосуна тыюу салынат. Ал үчүн 100-300 саатка коомдук иштерге же 1-3 жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартуу же 50-100 миң сомго чейин айып салуу жазасы каралган.
2017-жылы маркум экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун экинчи аялы боюнча билдирүүсү коомдо катуу талкууланып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы атайын текшерүү дагы жүргүзгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз