КРда медициналык буюмдарды каттоо 10 күнгө чейин тездейтӨКМ эскертет: 23–25-октябрь күндөрү айрым аймактарда үшүк жүрөтБишкекте өспүрүм эки жол кырсыгына себепкер болду, жабыркагандар бар — видеоКаракол шаарынын кире беришиндеги жол оңдолот«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылдыБишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулат
ИИМ: шайлоого байланыштуу 41 кылмыш иши ачылды
11.04.2021 | 10:22
Шайлоого байланыштуу 41 кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өкүлү Султан Макилов билдирди.
Анын айтымында жалпы 255 мыйзам бузуу фактысы катталган.
“Шайлоо процессинде жалпы 255 мыйзам бузуу жөнүндө маалымат түштү. Анын ичинен 41 кылмыш иши, 35 жоруктар, 23 бузуулар боюнча катталды. Ошондой эле электрондук каттоо журналына 150 маалымат катталып каралып жатат. Эки окуя боюнча ишти сотко өткөрүлдү. Биринчиси Баткен облусунда “уурулук” беренеси менен 1 факты, Ош облусунда добуш сатып алуу боюнча 1 факты боюнча да иш сотко өттү. Дагы бир факты Токтогул районунда “документ жасалмалоо” беренеси менен сотко өткөрүү процесси жүрүп жатат”, – деди Макилов
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар