Садыр Жапаров добуш берди – сүрөт, видео

Садыр Жапаров добуш берди – сүрөт, видео

Президент Садыр Жапаров Чоң-Арык конушундагы шайлоо тилкесинде добуш берди.

Президент добуш берүүдөн кийин кайрылуу жасап, анда элдерди референдумга жана шайлоого активдүү катышууга чакырды.

“Бизде буга чейин 30 жыл ичинде Конситуцияга көптөгөн өзгөрүүлөр кирди. Аларды ар кайсы мамлекеттерден көчүрүп жазып алып, ошону менен 30 жыл жашап келдик. Биринчи жолу ушул Конституциянын долбоорун аксакалдардын, академиктердин, юридика илимдеринин докторлору, жалпы 100гө жакын адамдардын катышуусунда өзүбүз жазып чыктык.

Эгер элибиз ушул Конституцияны кабыл алып берсе, биз жаңы мыйзам долбоорлорун ылайык иретке келтиребиз. Бизде карама-каршы келген жагдайлар көп, аларды иретке келтиришибиз керек. Соңку отуз жылда биз ошол карама-каршылык менен жашап келдик. Кайсы тарапка пайдалуу болсо ошол тараптын пайдасына чечет, эгер аларга туура келбесе башка чечим чыгарып келген. БШКнын чечими 20-апрелден кийин чыгат. Андан соң биз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизебиз, алар каникулга кеткиче жаңы мыйзамдарды кабыл алып берсе, биз жаңы мыйзамдар менен жашап баштайбыз», — деди өлкө башчысы.

Бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтүүдө. Өлкө башчысы саат 10:25тер чамасында добуш берди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>