Үч адамдын өлүмү: Маркумдардын туугандары Ашыралиевди өмүр бою абакта калтырууну талап кылууда

Үч адамдын өлүмү: Маркумдардын туугандары Ашыралиевди өмүр бою абакта калтырууну талап кылууда

Бүгүн, 20-декабрда Бишкек шаардык сотунда Алтынай Канзаманова менен анын уул-кызын өлтүрүүгө айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Чынтемир Ашыралиевдин жактоочусунун апелляциялык арызы карала баштады.

Бирок бүгүнкү соттук сотурумга Ашыралиевдин жактоочусу, котормочу жана жабырлануучу тараптын адвокаты келбегендиктен процесс 21 күнгө, тактап айтканда 10-январга жылдырылды.

Соттук отурумда жабырлануучу тарапка айыпталуучу жак берген апелляциялык арыздын көчүрмөсү берилди. Каза болгондордун туугандарынын айтымында, жактоочу апелляциясында Ашыралиевдин күнөөсү далилденбегенин билдирип, акыйкат чечим чыгарып берүүнү суранган. Аны менен бирге конфискациялана турган 2 унаасы менен жер тилкесин айыпталуучуга калтырууну өтүнгөн.

Маркум Алтынай Канзаманованын апасы Үрү Канзаманова Ашыралиев өмүр бою түрмөдө калышы керектигин айтып, Бишкек шаардык соттун судьяларынан райондук соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырууну талап кылды.

Эскерте кетсек, быйыл 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда Алтынай Канзаманова жана анын 2005-жылы туулган кызы менен 2014-жылы туулган баласы киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталган. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй-бүлөсү болгон.

Иш Октябрь райондук сотунда каралып, 3-ноябрда сот Ашыралиевди күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Соттук отурумда Ашыралиев маркумдардын туугандарынан жана элден кечирим сурап, бирок кылмыш жасаганын мойнуна алган эмес.

Кийинчерээк Ашыралиевдин жактоочусу Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Үч адамдын өлүмү: Айыпталуучу тарап шаардык сотко апелляция менен кайрылды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>