Орунтаев: “KG групптун” лицензиясын алуу маселеси ачык бойдон турат

Орунтаев: “KG групптун” лицензиясын алуу маселеси ачык бойдон турат

“KG групп” курулуш компаниясынын лицензиясын алуу маселеси азырынча чечиле элек. Бул тууралуу журналисттерге Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

“KG групп” компаниясынын лицензиясы боюнча маселе ачык бойдон турат. Учурда компаниядан батир сатып алган жарандардын маселелерин чечүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Алар чечилип бүткөндөн кийин аталган маселе (лицензия маселеси) каралат”, — деди ал.

Эскерте кетсек, 12-январда Нурдан Орунтаев “KG групп” компаниясынын лицензиясын алуу маселе караларын билдирип, ага компания тарабынан жасалган мыйзам бузуулар себеп болгонун айткан.

Буга чейин “KG групп” компаниясынын ээси Имамидин Ташов андан УКМКнын кызматкерлери «чөнтөгүнө» 100 млн сом сураганын билдирген. Анын айткандарын Камчыбек Ташиев калп деп атап, «Ташов менен Тилекмат Куренов өлкөдө төңкөрүш даярдап жатат» деп айыптаган. Ал экөө тең издөөгө алынган.

Орунтаев: Ташов кыйын ишкер болсо элди алдабай үйлөрүн бүтүрмөк

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>