ИИМ: Жалал-Абадда үч жаран 633,8 миң сомдук баңгизат менен кармалды

ИИМ: Жалал-Абадда үч жаран 633,8 миң сомдук баңгизат менен кармалды

Жалал-Абад облусунда үч жаран 633,8 миң сомдук баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери облус аймагында узак убакыт бою баңгизаттарды сатуу менен алектенген топту аныктаган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Министрликтен билдиришкендей, 23-июль күнү болжол менен саат 20:40та Базар-Коргон районунун Акман талаасында баңгизат сатууга аракет кылган 32 жаштагы Э.А. уулу, 42 жаштагы Т.К. жана Н.И. аттуу жарандар кармалган. Алар белгиленген жерге «ВАЗ-2107» жана «ВАЗ-2106» унаалары менен келген. Тинтүү учурунда унаалардын ичинен баштыкка салынган афган тектүү «нашаа» (чарс) баңгизаты табылып алынган. Анын салмагы 1 кг 29 граммды түзгөн.

Учурда шектүүлө Аксы райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

ИИМден белгилешкендей, алынган баңгизаттын көмүскө базардагы баасы 633 миң 864 сомду түзөт.

Азыркы тапта бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>