Жолбун иттерди атууга каршы митинг. «Тазалыктын» башчысы эмне дейт?

Жолбун иттерди атууга каршы митинг. «Тазалыктын» башчысы эмне дейт?

Бишкекте 24-июлда жарандык активисттер «Тазалык» ишканасынын алдында жолбун ит-мышыктарды атып өлтүрүүгө каршы митинг өткөрдү.

Акцияга чыккандардын айтымында, алар Кыргызстанда көчөдө жүргөн ит-мышыктарда атып өлтүрүүгө каршы. Мындан улам жолбун ит менен мышыктардын санын азайтуунун гумандуу жолу катары стерилизацияны (ит-мышыктын ургаачыларын) сунуштоодо.

Алар бир гана көчөдөгү эмес, ар бир үйдө багылган ит менен мышыктарды стерилизациялоону сунуштап жатат. Бул жол көчөдө калган жаныбарлардын санын азайтуунун натыйжалуу ыкмасы экенин белгилешти. Себеби, ит-мышыктарды атып өлтүрүү менен алардын саны азайбай эле. Ошол эле учурда, бул багытка жыл сайын миллиондогон акчалар кетүүдө жана бөлүнгөн акча жылдан-жылга көбөйүүдө.

Активисттердин айтымында, 2016-жылы Кыргызстан боюнча көчөлөрдү жаныбарлардан «арылтууга» (атууга, унаа сүзүп кеткен же өлүп калган жаныбарлардан тазалоого) 1,7 млн сом бөлүнгөн, 2018-жылы 9,1 млн, 2019-жылы 15,6 млн сом сарпталган. 2020-жылы 14,3 млн сом жумшалган (пандемияга байланыштуу акча аз сарпталган болушу мүмкүн).

Жолбун ит-мышыктарды атып жок кылуу жолу бир гана бюджеттик акчаны натыйжасыз пайдалануу эле эмес, заманбап коомдо туура көрүлбөйт. Аны менен бирге эл аралык уюмдун изилдөөсү боюнча, жолбун ит-мышыктар көп жана аларды атып өлтүрүү практикасын колдонгон өлкөлөргө туристтер көп бара бербейт. Мындан улам стерилизация гумандуу гана болбостон, көчөдөгү жаныбарлардын санын азайтуунун натыйжалуу жолу болуп саналат. Себеби, активисттердин айтымында, үйдөгү жана көчөдөгү жаныбарлар стерилизация болгондон кийин алардын төлдөп, көбөйүшүнө бөгөт коюлат. Бул ыкма 2-3 жылда өз натыйжасын берет.

Активисттер көчөдөгү ит-мышыктарды стерилизациялоо жана аларды көчөдө калтырбастан карап багуу үчүн муниципалдык жер бөлүп берүүнү суранды. Аны менен бирге көчөдөгү жаныбарларды атууга сарпталган каражатты стерилизациялоого, карап багууга жумшоону сунуштады Жылда бөлүнүп жаткан каражат аталган жаныбарларды стерилизациялап, андан кийин багууга жетпей тургандыктан, алар калган каражатты эл аралык уюмдардан, кайдыгер эмес жарандардан табуу милдетин өздөрүнө алышат.

Акцияга чыккандар менен «Тазалык» ишканасынын жетекчиси Рамиз Алиев жолукту. Ал митингге келгендердин оюн угуп, ит-мышыктарды атууну токтотуп, аларды стерилизациялоого өтүү демилгесин колдой турганын билдирди. Бирок анын айтымында, иттерди атууга бөлүнүп жаткан каражат аларды стерилизациядан өткөрүп, кийин аларды кароого жетпей турганын айтты. Мисалы, жылда Бишкектин көчөлөрү 10 миңдин тегерегиндеги ит-мышык жана башка жаныбарлардан «тазаланат» (анын ичинде иттерди атуу, көчөдө өлүп калган жаныбарлардан тазалоо). Ал үчүн былтыр «Тазалыкка» шаардык бюджеттен 3 млн сом, быйыл 4 млн сомго жакын акча бөлүнгөн. Быйылкы жылы акчанын көп бөлүнүшү жумушчулардын айлык акысын көтөрүү менен да байланыштуу.

Аларга сарпталган каражатты бөлүштүргөндө ар бирине жылына 350 сомдон тегерегиндеги акча туура келет. Ал эми күнүнө 1 сомдон ашык акча кетет. Мындан улам Алиев бөлүнгөн каражат активисттер сунуштаган ишти жүзөгө ашырууга жетпейт. Ал башка өлкөлөрдө иттерди стерилизациялоо, атайын жайда багуу иштерине каражатты эл аралык уюмдар бөлүп, мамлекет акча коротпой турганын айтты.

Ошол эле учурда Рамиз Алиев активисттердин демилгесин колдой турганын айтып, аны ишке ашыруу үчүн борбор калаанын бир районунда сыноо иретинде долбоорду ишке киргизип көрүүгө даяр экенин билдирди. Соңунда Рамиз Алиев алардын сунуштары жазылган кагазга кол коюп берип, аталган демилге боюнча кийинки жолугушууну эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүүнү сунуштады.

Ыктыярчылар көчөдө жүргөн ит-мышыктардын маселесин чечүү үчүн сунуштары: 

1. Ит менен мышыктарды атууну токтотуу
2. Ит менен мышыктарды көбөйтүп багууга тыюу салуу
3. Үйдө багылып, стерилизация болбогон ит-мышыктар үчүн айып пул салуу
4. Колунда жок үй-бүлөлөргө стерилизация үчүн жеңилдик берүү
5. Иш уруштарын (талаш) токтотуу
6. Ит менен мышыктын этин тамакка пайдаланууга тыюу салуу
7. Жарандарды итин сейилдетип чыкканда, ага тумшук томого кийгизүүгө милдеттендирүү
8. Иттерди сейилдетүүгө өзүнчө жер караштыруу
9. Үй жаныбарларына чип орнотуу

Эскерте кетсек, активисттер мамлекеттик органдарга үнүн жеткирүү үчүн 24-31-июль күндөрү бир нече митинг өткөрүүнү пландоодо. Митингдер Тазалык ишканасынын (24-июль, саат 16:30), Ветеринардык кызматтын (25-июль, саат 16:30), Санэпидемстанциянын (26-июль, саат 16:30), Туризм департаментинин (27-июль, саат 16:30), Людмила кафесинин (28-июль, саат 16:30), «Айчүрөк» соода борборунун (31-июль, 18:00) алдында өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>