Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында грек-рим күрөшү боюнча балбандар Жоламан Шаршенбеков (60 кг) менен Амантур Исмаилов (67 кг) финалга чыкты.
Жарым финалда Шаршенбеков ирандык спортчу менен күрөшүп, аны 5:1 эсебинде жеңди. Ал эми Исмаилов өзбекстандык балбандан күчтүү чыкты.
Ошондой эле 87 килограмм салмакта Атабек Азисбеков жарым финалда атаандашына жеңилип калып, коло үчүн күрөшө турган болду.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда