Издөөдө жүргөн эки жаран Испания менен  Россиядан кармалды

Издөөдө жүргөн эки жаран Испания менен  Россиядан кармалды

ИИМдин  Интерполунун өтүнүчү менен эл аралык издөөдө жүргөн адамдар Испаниядан жана Россиядан кармалды.

ИИМдин маалыматына караганда, Испаниянын Интерполу тарабынан  жогорудагы өтүнүчтүн негизинде Мадриддин аэропортунан эл аралык издөөдө жүргөн жаран 1988-жылы туулган И.А. кармалды.

Ал 2022-жылдан бери өзгөчө ири өлчөмдө (140 миң АКШ доллары) алдамчылык жасагандыгы үчүн Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн. Аталган жаран ишкерлердин ишенимине кирип, андан ары чет өлкөдө сатуу үчүн товар алып келем деп ири суммадагы акчаларын алып, андан соң изин жашырып кеткен. Маалыматтарга караганда, ал Түркияда болуп, кийин экстрадициялоо боюнча келишими жок өлкөлөрдө жашынууну көздөгөн. Ушул максатта издөөдө жүргөн жаран Түндүк Америка континентине өтүүгө аракет кылган. Ал АКШда жашынууну көздөп, Түркия — Мексиканын “Бенито-Хуарес”  эл аралык аэропорту багытында авиабилетти брондогон. Ал Мадриддеги аэропорттон кармалган.

Ошондой эле, Россиянын Ички иштер министрлигинин Интерпол Улуттук борбордук бюросу менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Новосибирск шаарындагы аэропорттон эл аралык издөөгө алынган  жаран 1988-жылы туулган А.А. кармалды. Аталган жаран борбор калаадагы банктардын биринин кызматкери болуп иштеп турганда, кардардан ири суммадагы (900 000 сом) акчасын ээлеп алып, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Учурда Кыргызстандын компетенттүү органдары тарабынан кармалган жарандарды экстрадициялоо маселеси каралууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>