Германияга тышкы карызды «жашыл» долбоорлорго алмашуу сунушталды

Германияга тышкы карызды «жашыл» долбоорлорго алмашуу сунушталды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен кеңейтилген сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө каржылык жана техникалык кызматташуу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров Германия тараптан Кыргызстанды финансылык жана техникалык кызматташуу боюнча Германиянын өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине киргизүүгө колдоо көрсөтүүнү суранды.

“Германиялык тарапка 14,9 млн. евро өлчөмүндөгү карызды конвертациялаганы үчүн ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер. Учурда бул каражаттар өлкөнүн аймактарында жашаган тургундарга, негизинен калктын аярлуу катмарына ипотекалык насыя берүүгө багытталган. Кыргызстандын тышкы карызын конвертациялоого Германия биринчилерден болуп даярдыгын көрсөтүп, башка өлкөлөргө жаркын үлгү көрсөттү. Биз сиздин жылуу ишиңизди абдан баалайбыз. Буга байланыштуу мен Германия тарапка экология тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тышкы карызды алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштайм”, — деди Садыр Жапаров.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>