Кайран гана эл! Молдокматовдун сотто сүйлөгөн сөзү — видео

Кайран гана эл! Молдокматовдун сотто сүйлөгөн сөзү — видео

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаардык сотунда саясатчы Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралды.

“Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген айып менен кармалган Молдокматов 20-декабрга чейин камакта калтырылды.

Соттук отурумда Жеңиш Молдокматов коомдук жана саясий ишмер Дооронбек Садырбаевдин сөзүн эске салды.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>