КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Форма менен калпак кийген прокурор тартиптик жазага тартылды
22.05.2020 | 15:02
Өчпөс отко гүл коюу иш-чарасында форма менен калпак кийгени үчүн Ош шаарынын прокурору Кубат Абдраимовго катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, прокурорду тартип жазага тартуу тууралуу чечим 20-майда чыккан. Абдраимовдун кызматтык этиканы бузганы үчүн ага бериле турган сый акы дагы жокко чыгарылган.
Белгилей кетсек, Кубат Абдраимовдун калпакчан сүрөтү 9-май күнү Ош шаарында чакан курам катышкан Жеңиш күнүн белгилөө иш чарасында тартылган. Анын сүрөтү интернетке тарап кеткен соң аны колдогондор дагы сындагандар дагы болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом