Камактагы аялдардын эркектер менен бир автозакта жөнөтүлгөнү кооптуу

Камактагы аялдардын эркектер менен бир автозакта жөнөтүлгөнү кооптуу

Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарында тергөө изоляторлору жок. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, үч облуста тең айыпталуучу, соттолучулар бир убактылуу кармоочу жайда кармалып турушат. Бул ырайымсыз мамиле катары сыпатталат жана мыйзамга туура келбейт.

“Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында соттолуп, жазасын алгандар кийин Оштогу №5 тергөө изоляторуна жөнөтүлөт. Андан соң Бишкек шаарындагы №1 тергөө изоляторуна автозак менен жиберилет. Автозактардын дагы шарттары эске алынышы керек, алардын узак жолго ыңгайлуулугу жана коопсуздугу да каралышы шарт. Ошондой эле, эркектер менен бирге аялдар дагы жөнөтүлгөн учурлар кездешет. Мындан улам аялдарга ыдык көрсөтүү сыяктуу башка дагы коркунучтар жаралат”, — деди Бакыт Рысбеков.

Ошондой эле, ал түзөтүүчү мекемелер бир гана Чүй облусунда жайгашканын белгилеп,  өлкөдө 100 жыл мурун курулган тергөө абактары бар экенин айтты.

“Ош шаарындагы №5 тергөө абагы бар. Ал 1889-жылы курулуп, ошол убакта Курманжан датканын уулу Камчыбек датка кармалыптыр, ошондон улам ал Камчыбектин түрмөсү деп аталып калган”, — деди Бакыт Рысбеков.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>