Карындашына асылган айдоочуну атып салган: Азыр эмне белгилүү?

Карындашына асылган айдоочуну атып салган: Азыр эмне белгилүү?

Токмок шаарында карындашына ыдык көрсөткөн кишини атып салган адамдын иши боюнча анын аффект абалында болуп-болбогонун аныктоо үчүн кайра экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук соттон билдиришти.

Маалым болгондой, мындан мурда жүргүзүлгөн экспертиза боюнча эки жыйынтык чыккан. Биринде ал аффект абалында болгон деп жазылса, экинчисинде айыпталуучу аффект абалында болгон эмес деген тыянак чыгарылган. Ага байланыштуу, тактоо киргизүү үчүн кайра экспертиза дайындалган.

Экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин ишти сотто кароо токтоп турат.

Эске салсак, окуя былтыр 1-июлда саат 8:30 чамасында Бишкек — Торугарт жолунун 69-чакырымында, Токмок шаарынын аймагында болгон. Анда карындашына ыдык көрсөткөн кишини агасы травматикалык курал менен атып салган. Ал алган жараатынан каза болгон.

Белгилүү болгондой, тергөө иштери жүрүп жатканда шектүүнүн окуя учурунда аффект абалында болуп-болбогону боюнча экспертиза дайындалган. Чүй облустук милициясы билдиргендей, экспертизанын жыйынтыгы шектүү аффект абалында болбогонун көрсөткөн.

Иш тергелип бүткөндөн кийин Чүй райондук сотуна өткөрүлгөн.

Мындан мурда шектүүнүн жактоочусу Эркинбек Ирискулбеков Reporter.kg’ге билдиргендей, мыйзам боюнча шектүү 8 жылдан 12 жылга чейин камалышы мүмкүн. Бирок экспертиза тарабынан окуя учурунда ал аффект абалында болгону ырасталса, анын жазасы жеңилдетилмек.

«Аффект абалында болгондо кылмышты атайын жасаган болуп эсептелбейт. Анда жаза мөөнөтү 3 жылга чейин берилет», — деп билдирген ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>