Катуу суук болобу? Дем алыш күндөргө карата аба ырайы

Катуу суук болобу? Дем алыш күндөргө карата аба ырайы

Эртең, 10-декабрда түнкүсүн Таластан башка облустарда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Гидрометеорология кызматынан билдиришти.

Ошол эле учурда, 10-декабрда күндүз Ысык-Көл менен Нарында айрым аймактарда кар жаайт. Калган облустарда кар жаашы күтүлбөйт.

11-декабрда Кыргызстанда кар жаабайт.

Маалыматка караганда, Чүйдүн Суусамыр өрөөнүндө 10-декабрда түнкүсүн абанын температурасы -18…-23, күндүз -10…-15, 11-декабрда түнкүсүн -19…-24, күндүз -10…-15, ал эми Төө-Ашуу ашуусунда 10-декабрда түнкүсүн -19…-24, күндүз -15…-20 градуска чейин төмөндөйт. 11-декабрда түнкүсүн -19…-24, күндүз -13…-18 градус суук болот.

Ошондой эле, Ысык-Көлдүн Кумтөр капчыгайында 10-декабрда абанын температурасы түнкүсүн -21…-26, күндүз -13…-18, 11-декабрда түнкүсүн -24…-29, күндүз -11…-16 градуска чейин төмөндөйт.

Чүй облусундагы абанын температурасы:

10-декабрда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8;
11-декабрда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7;

Таласта:

10-декабрда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;
11-декабрда  түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында:

10-декабрда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5;
11-декабрда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5;

Ысык-Көл облусунда:

10-декабрда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5;
11-декабрда  түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…+1;

Нарында:

10-декабрда түнкүсүн -12…-17, күндүз -6…-11;
11-декабрда  түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8.

Бишкекте дем алыш күндөрү кар жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы 10-декабрда түнкүсүн -13…-15, күндүз -6…-8, ал эми 11-декабрда түнкүсүн -12…-14, күндүз -4…-6 градус болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>