Каныбек Осмоналиев 7-миллионунчу бөбөккө өзүнүн алтын медалын тартуулады

Каныбек Осмоналиев 7-миллионунчу бөбөккө өзүнүн алтын медалын тартуулады

Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев 7-миллионунчу бөбөккө өзүнүн алтын медалын тартуулады. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.

1980-жылкы Олимпида оюндарынын жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев Баткендин Кызыл-Кыя шаарында Кыргызстандын 7-миллионунчу жараны болуп төрөлгөн Жакшылыктын үй-бүлөсү менен жолукту.

Осмоналиев Жакшылыкка өзүнүн алтын медалын тартуулап, келечекте чыгаан спортчу болушун тилеп, бекем ден соолук каалады.

Мындан тышкары, олимпиадалык белектер жана Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытовдун сүйүнчүсүн тапшырылды.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда таңкы саат 2:10до төрөлгөн.

7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы — Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 кг, бою 54 см.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранга Жакшылык  деген ысым койгон.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>