Кара-Көлдө тургун ур-токмоктон каза болгон. Шектүү кармалды

Кара-Көлдө тургун ур-токмоктон каза болгон. Шектүү кармалды

Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 20-мартта таңы саат 04:30дарда милицияга Кара-Көлдөгү үйлөрдүн биринде болгон адам өлтүрүү фактысы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам-тергөө тобуп барып, каза болгон адам 47 жаштагы эркек киши экендиги аныкталган.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Милиция бул ишке шектүү катары 44 жаштагы К.Н. аттуу жаранды кармап, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталгандай, окуя күнү шектүү менен каза болгон адам ичимдик ичип отурганда, сөз талаштан улам уруша кеткен. Натыйжада шектүү таанышын сабап салган. Сабалган жаран алган жаракаттарынан көз жумган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>