Кара-Кулжада милицияга ок чыгарган адам кармалды

Кара-Кулжада милицияга ок чыгарган адам кармалды

Кара-Кулжада милиция кызматкерине ок чыгарган адам кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 13-январда милиция кызматкерине ок чыгарган адам  бүгүн, 3-февралда кармалды. Шектүү Кара-Кулжа районунун Биринчи май айылынын 46 жаштагы У.А. аттуу тургуну болгон.  Тергөөнүн жүрүшүндө ал кылмышты жасагандыгы тууралуу көрсөтмө берип, көп жыл мурда милиция кызматкерлери менен жеке пикир келишпестиги болгонун билдирген.

Ал түндө милиция кызматкерине мынтыктан ок чыгарып, кайра үйүнө кайтып келип, кийип жүргөн кийимин жана мылтыктын кундагын үйүндөгү мешке жагып жиберген. Ал эми мылтыктын найын (стволун) дарбазанын түтүгүнө салып жиберген.

Милиция кызматкерлери тарабынан буюмду далил катары алуу максатында дарбазанын түтүктөрү текшерилип, андагы жашырылган мылтыктын найы табылган. Табылган буюм экспертизага өткөрүлүп берилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>